ЖАЗА I
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Кылмышы үчүн тарта турган айып, күнөөсү, кетирген катасы, жаңылыштыгы үчүн колдонулуучу, берилүүчү чара. Жазага тартуу. Болбосо мен барып турган оор жазаны күткөм («Ала-Тоо») Мен сиздерден устав боюнча тийиштүү жазаны берүүңүздөрдү сурайм (Байтемиров).